Интернационал (Ноокат району)
Интернационал, Ноокат району – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 6 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетпнен 40 км. Орто мектеп, клуб, Мечит, кипетепкана бар.
Read article